Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу айылдардын биринде 24-июлда болгон жарылуудан улам бир киши оң колунан ажырады. Бул окуя тууралуу жергиликтүү тургундар маалымдашты.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жарылган буюмду балдар талаадан таап келишип, үйгө алып келишкен.
Окуяга күбө болгондор таң эрте кошунасынын үйүнөн катуу жарылуунун үнүн укканын айтышкан. Бир нече секунддан кийин анын жубайы сыртка чуркап чыгып, жардамга чакырган.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бул факты каттоого алынды. Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Милиция жарылган буюмдун кайдан келгенин жана окуянын бардык жагдайларын аныктоо үстүндө иштеп жатат.




