Нарын облусунун Ат-Башы районунда жардыруу болуп, анын кесепетинен бир жаран жаракат алды.
Окуя болгон жерге келген дарыгерлердин айтымында, жабырлануучунун колу үзүлүп калган. Азыркы тапта жабырлануучунун абалы оор экени маалымдалды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жарылган буюм гранатага окшош болгон. Бирок, анын так түрү жана келип чыгышы азырынча аныктала элек.
Учурда укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтеп, бардык жагдайларды тактоо иштерин жүргүзүүдө.




