Иссык-Кул облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан «Хан-Чатыр» тамак-аш тейлөө объектиси зарыл болгон архитектуралык уруксат документтери жок иштеп келгени белгиленди.
Бул мыйзам бузуу Иссык-Кул регионалдык мамлекеттик архитектура жана курулуш көзөмөл департаментинин текшерүүсү менен аныкталды.
Жыйынтыкта, жооптуу К.Б.М.ге карата административдик чаралар колдонулуп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууну жоюу боюнча жазуу түрүндө буйрутма берилди.
Департамент тарабынан курулуш уюмдары менен жеке ишкерлерге мыйзам талаптарын жана курулуш нормалары менен техникалык регламенттерди так сактоого чакыруу жасалды.






