Баткен облусундагы Лейлек районунун Коргон айылында уруксат берилбей, мыйзамсыз курулган имарат табылды.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул имарат бильярд ойнолуучу жай жана автоунаа тейлөөчү мастерская катары колдонулган.
Баткендеги мамлекеттик архитектуралык-курулуш башкармалыгы бул объектти өз учурунда текшерип, уруксаты жок курулуш болгонун аныктаган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган объектке жооптуу адамга административдик чаралар кабыл алынды жана мыйзамсыз курулушту оңдоо боюнча көргөзмө берилди.
Архитектуралык-курулуш башкармалык курулуш иштеринин мыйзамдуулугун сактоону жана тиешелүү нормаларды туура аткарууну катуу талап кылууда.








