Бишкекте 20 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу учурунда котловандагы откостун бузулушу аныкталды. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү бул факт боюнча тергөө жүргүзүп, мыйзам бузууларды табышты.
Министрликтин маалыматы боюнча, подпордук конструкциялар коопсуздук стандарттарына ылайык эмес курулуп, котлован дубалдарын бекем кармоо талаптары толук аткарылган жок.
Азыркы учурда «Аст Билдинг» компаниясы бузулган участканы оңдоп, подпордук конструкцияларды кайрадан орнотууда.
Бул мыйзам бузуулар боюнча түзүлгөн акт негизинде «Аст Билдинг» фирмасына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды жана мыйзам талаптарын аткаруу боюнча тиешелүү буйрук берилди.











