Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, жаран пенсиялык камсыздоо укугун коргоо өтүнүчү менен кайрылган. Ал аскердик билетин жоготуп, иш стажы жетишсиз болгондуктан пенсия дайындоодон баш тартылганын айткан.
Кайрылууну кароо учурунда Акыйкатчынын Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ноокен райондук Социалдык фонд башкармалыгына, райондук мамлекеттик администрацияга жана райондук аскер комиссариатына сурам жөнөткөн.
Аныкталгандай, жарандын жалпы эмгек стажы 3 жыл 1 ай 17 күндү түзгөн. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдын 9-беренесине ылайык, пенсия дайындоо үчүн кеминде алты жыл камсыздандыруу стажы талап кылынат.
Эмгек стажы
Райондук аскер комиссариатынын маалымкатында арыз ээсинин аскердик кызматка кеткени тууралуу маалымат бар болсо да, кызматтан бошоп, кайтып келгени тууралуу маалымат жок болгон. Ушундан улам аталган мезгил стажга киргизилген эмес.
Кошумча текшерүүдө арыз ээсинин атына жер тилкеси катталганы аныкталган. Бул жагдай пенсия дайындоодо эске алынган.























