Бишкекте 29-октябрда «Биринчи радионун» эфиринде сүйлөгөн «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев билдиргендей, азыр адистер даярдык иштерин жүргүзүп, болочок магистралдын өтүү трассасын тактап жатышат.

Маршрутту тандоодо негизги артыкчылык — айыл чарба жерлерин сактоо жана айдоо аянттарына зыян келтирбөө. Ошондуктан инженерлер Кызарт ашуусунан өтүүнүн эки вариантын салыштырып жатышат: жер үстү менен өтүү же тоннель аркылуу өтүү.

Даярдык процесси уланууда. 2–3 айдан кийин, трассанын жалпы маршруту талкууланып, бекитилгенден кийин, адистер рабочий долбоорду иштеп чыгууга киришет.
Рыскулбек Жумабаев, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы

Бул бөлүк Кочкор – Баш-Кууганды – Чаек – Макмал багытындагы темир жолдун уландысы болот. Белгилей кетсек, Балыкчы – Кочкор линиясынын биринчи этабы быйыл толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилүүдө.

Келечекте магистраль Макмал станциясына чейин узартылып, ал жерде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан эл аралык темир жолу менен туташып, бирдиктүү улуттук Түндүк – Түштүк тармагын түзөт.