Документти министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев киргизген. Парламентте мыйзам долбоорун каржы министринин биринчи орун басары тааныштырууга тийиш.
Долбоорго ылайык, «Улуттук банк жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 12-беренесинин 4-жана 5-бөлүктөрүнүн күчү убактылуу токтотулат. Бул бөлүктөр регулятордун кирешесин бөлүштүрүүнү жана резервдерин түзүүнү жөнгө салат.
Документтен
«Бул ченем республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн Улуттук банктын 100 пайыз кирешеси менен камсыз кылып, бюджеттин чыгымдарын каржылоого мүмкүндүк берет»
Мыйзам долбоорунда киреше республикалык бюджетке көз карандысыз тышкы аудитор каржылык отчетту ырастагандан кийин которулары каралган.
Каржы министрлиги демилгени мамлекеттин кирешесин көбөйтүү жана бюджеттик чыгымдарды каржылоо зарылчылыгы менен түшүндүрөт. Бирок документтерде келечектеги которуунун так суммасы көрсөтүлгөн эмес — ал Улуттук банктын быйылкы каржылык жыйынтыгына көз каранды болот.
Министрлер кабинети мыйзам долбоорун кезексиз тартипте карап, үч окууда тең бир эле учурда кабыл алууну сунуштайт.
Негиздемеде каражаттар социалдык маанидеги чыгымдарды каржылоо үчүн зарыл экени белгиленген.















