Министрлер кабинети 2026-жылга республикалык бюджетти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Бул тууралуу парламенттин сайтында жарыяланган документте айтылат.
Өкмөт кирешени 242,6 миллиард сомго, чыгашаны 234 миллиард сомго көбөйтүүнү сунуштап жатат. Натыйжада киреше 551,2 миллиарддан 793,8 миллиард сомго, чыгаша 550,8 миллиарддан 784,8 миллиард сомго жетет. Бюджеттин профицити 436,4 миллиондон 9 миллиард сомго чейин өсөт.
Кошумча каражат кайдан келет
Каржы министрлигинин түшүндүрмө катында кирешенин негизги өсүшү салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу экени белгиленген. Салыктык түшүүлөр 112,5 миллиард сомго, салыктык эмес түшүүлөр 114,5 миллиард сомго көбөйөт. Кошумча каражат эл аралык соодадан, бирдиктүү салыктан, тоо-кен компанияларынын кирешесинен, мамлекеттик ишканалардын дивиденддеринен жана Улуттук банктын пайдасынан күтүлөт.
Капиталдык курулушка 44,99 млрд сом
Кошумча каражаттын олуттуу бөлүгү капиталдык курулушка багытталат. Капиталдык салымдардын көлөмүн 44,99 миллиард сомго чейин көбөйтүү сунушталууда. Анын ичинен 17,68 миллиард сом Ысык-Көл облусундагы Барскоон–Бедел автомобиль жолун курууга бөлүнөт. Калган 27,31 миллиард сом башка курулуш жана реконструкциялоо иштерине жумшалат.
Документтен
Кошумча каражаттын эсебинен өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө, анын ичинде стратегиялык маанидеги жол курулушуна басым жасалат.
Бюджеттин өзгөрүшү















