Министрлер кабинети «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына Баткен облусунун Баткен районундагы «Дуваташ» кениндеги алтынды иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугун берди. Бул тууралуу Tazabek басылмасы жазып чыкты.
Тескеме 2026-жылдын 29-октябрында №817-т номуру менен кабыл алынган. Участоктун аянты 378,4 гектарды түзөт.
Участокту пайдалана баштоодон мурда «Кыргызгеология» тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча мыйзамдардын талаптарын аткарууга милдеттүү.
Жер казынасын пайдалануу укугу жер казынасы жөнүндөгү мыйзамга ылайык Министрлер кабинетинин чечими менен берилди.
Маселе тарыхы
2017-жылы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети «Дуваташ» алтын кенин геологиялык чалгындоо үчүн лицензия берүү боюнча аукцион жарыялаган. Анда лицензиянын баштапкы баасы 3870 АКШ долларын же Улуттук банктын курсу боюнча 265 миң сомду түзгөн.
Бул жердеги алтын минералдашкан скарн тулкуларын биринчи жолу 1956-жылы Смирнов Б.В. аныктаган жана 1:1000 масштабдагы схематикалык геологиялык карта түзүлгөн.
2003-жылы издөө-баалоо иштеринин жыйынтыгы боюнча С2+Р1+Р2 категориясы боюнча 8185 килограмм алтын запасы эсептелген.
«Дуваташ» кени боюнча негизги көрсөткүчтөр



















