Каржы министрлиги 2026-жылга карата республикалык бюджеттин такталган долбооруна карата түшүндүрмө кат жарыялады. Анда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин бюджетинин кескин өсүшү чагылдырылган.

Ведомствонун маалыматы боюнча, такталган бюджет 7,4 млрд сомду түзүп, бекитилген бюджетке салыштырмалуу 7,3 млрд сомго көбөйгөн. Бул дээрлик 96 эсеге өсүү дегенди билдирет.

Мындай олуттуу көбөйүүгө эки негизги фактор таасир эткен.

  • Жол фондунун департаментке кошулушу — 3,3 млрд сом. Мурда Жол фонду Транспорт министрлигине түздөн-түз баш ийген, эми реорганизациянын жыйынтыгында анын каражаттары департаменттин бюджетине өткөн.
  • Жол фондунун бюджеттик ассигнованияларынын көлөмүнүн 2 млрд сомго көбөйүшү. Бул акча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана кармоо иш-чараларына багытталат.

Каржы министрлигинин билдирүүсүнө караганда, реорганизация жол чарбасын башкаруу системасын өркүндөтүү, Жол фондунун каражаттарын натыйжалуу пайдалануу жана караштуу уюмдардын түзүмүн оптималдаштыруу максатында жүргүзүлгөн.

Ошондой эле каражаттарды өз убагында каржылоо үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүнүн эсебинен кийинчерээк каражаттарды республикалык бюджетке калыбына келтирүү каралган.

Бюджеттин өсүшүнүн түзүмү

3,3 млрдсом — Жол фондунун кошулушу
2 млрдсом — Жол фондунун ассигнованияларынын көбөйүшү
7,3 млрдсом — жалпы өсүш