31-октябрда, кечинде, Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында жол кырсыгы катталды. Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 184-чакырымында «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен өзбек номериндеги «Daewoo Lacetti» унаасы кагышты.
Кырсыктын кесепетинен бир нече адам жабыркады, алардын ичинен 36 жаштагы аял алган жаракаттарынан улам каза болду. Ал эртеси, 1-ноябрда, Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылында жерге берилди. Каза болгон аялдын артында кызы калды.
Кийинчерээк жабырлануучулардын абалы боюнча маалымат такталды: «Daewoo Tico» унаасынын айдоочусу оор абалда ооруканага жаткырылды. Экинчи унаада болгон Өзбекстан жарандары Кадамжай ооруканасына жеткирилди.
Кырсыктын кесепети


















