Азамат Кылчыкбаевдин айтымында, айрым аялдар онкологго кайрылуунун ордуна элдик каражаттарды — чөптөрдүн жыйнактарын жана биологиялык активдүү кошулмаларды тандашат, ошондой эле табыптарга барышат.
Дарыгер белгилегендей, аялдар хирургиялык кийлигишүүдөн коркушат, себеби операциядан кийин шишик тез өсөт деп эсептешет.
Бирок көпчүлүк учурда өз алдынча дарылангандан кийин бейтаптар дарыгерлерге кеч, оору күчөгөн абалда кайрылышат. Мунун айынан дарылоонун натыйжалуулугу кыйла чектелет.
Азамат Кылчыкбаев аялдарды шектүү "дарылоо ыкмаларынан" баш тартууга жана адистерге мүмкүн болушунча эртерээк кайрылууга чакырат.





















