Учурдагы Салык кодексинин 309-1-беренесинде өзгөчө режимдеги соода аймагы статусуна ээ болгон соода базарлары үчүн айып пулдар каралган. Мындай аймактарга 17 аймак кирет, анын ичинде «Дордой» жана «Мадина» базарлары бар. Ушул берене боюнча айып пул 1 млн сомду түзөт.

Биринчи вариантта, 23-сентябрда парламенттин кароосуна киргизилген мыйзам долбоорунда, бул айып пулдар өзгөргөн эмес. Депутаттар мыйзам долбоорун 1-октябрда биринчи окууда кабыл алышкан.

Андан кийин 26-октябрда Министрлер кабинети мыйзам долбооруна экинчи окууга айып пулду 1 млн сомдон 200 миң сомго чейин төмөндөтүү ченемин киргизген.

28-октябрда депутаттар мыйзам долбоорун ушул жаңы түзөтүү менен экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алышты. Мыйзамдын күчүнө кириши үчүн президенттин колу талап кылынат.

Айып пул өзгөрүүсү

1 000 000сом — мурдагы айып пул
200 000сом — жаңы айып пул
5эсеге төмөндөтүү