Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, борбор калаадагы бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ) атайын телефон линиялары иштейт. Алар аркылуу адистер ата-энелерге баланын абалын баалоого, симптомдорду айырмалоого жана андан аркы аракеттерди аныктоого жардам берет.
Ата-энелерге балада оорунун алгачкы белгилери пайда болгондо дароо колл-борборго чалып, дистанциялык кеңеш алуу сунушталат. Дарыгерлер симптомдорго жараша үй шартында дарылоо боюнча сунуштарды беришет же кошумча текшерүү, ооруканага жаткыруу зарылдыгын аныкташат.
Байланыш номерлери
- №1 ҮМБ — 0999 64 45 42
- №2 ҮМБ — 0559 20 31 03
- №3 ҮМБ — 0508 02 21 27
- №4 ҮМБ — 0704 70 67 73
- №5 ҮМБ — 0500 70 69 11
- №6 ҮМБ — 0557 57 02 91
- №7 ҮМБ — 0500 06 08 68
- №8 ҮМБ — 0700 15 76 09
- №9 ҮМБ — 0550 35 90 50
- №10 ҮМБ — 0990 50 70 15
- №11 ҮМБ — 0500 53 00 10
- №12 ҮМБ — 0501 12 12 93
- №13 ҮМБ — 0707 36 60 84
- №14 ҮМБ — 0550 10 31 50
- Темир жол поликлиникасы — 0709 37 28 49
Ведомство ошондой эле жарандарды сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүүгө, профилактикалык чараларды сактоого жана оорунун белгилери байкалганда медициналык жардамга кайрылууга чакырат.
Министрлик баса белгилегендей, колл-борборлорго кайрылуу ооруну эрте аныктоого жана ооруканага жүктөмдү азайтууга мүмкүндүк берет. Ата-энелер үчүн бул ыкма ыңгайлуу, анткени алар үйдөн чыкпай эле адистин кеңешин ала алышат.














