Экономика министрлиги тарабынан иштелип чыккан Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун алгачкы редакциясында салык төлөөчүнүн учурдагы каттоо жеринде салык карызы бар болсо, аны жаңы каттоо жери боюнча кайра каттоого тыюу салган ченем болгон.
Бирок 23-октябрдагы түзөтүү менен Экономика министрлиги бул ченемди мыйзам долбоорунан алып салууну сунуштаган.
Мыйзам долбоору 23-сентябрда Жогорку Кеңешке кароого киргизилип, 1-октябрда биринчи окууда кабыл алынган. Андан кийин депутаттар 28-октябрда бул түзөтүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууларда бир эле учурда кабыл алышкан.
Мыйзам күчүнө кириши үчүн президенттин кол тамгасы талап кылынат.



















