Өткөн саммитте Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Россия менен кызматташууну кеңейтүүнү сунуштады. Ал Москванын «ОТГ+» форматында катышууга кызыкдар экенин, ал эми уюмдун кадыр-баркын жогорулатуу үчүн Россиянын кошулуусуна же байкоочу катары катышуусуна макулдук берүү туура болорун белгиледи.

Анын пикиринде, бул уюмдун бардык мүчөлөрүнө, ошондой эле Россияда жашаган түрк элдерине пайда алып келмек.

Түркияны тең салмактоо аракети

Казакстандык саясат таануучулар бул демилге менен Астана Түркиянын уюмдагы ашыкча активдүүлүгүн тең салмактагысы келет деп эсептешет. Анкара кээде Борбордук Азиянын кызыкчылыктарына жооп бербеген демилгелерди көтөрүп чыгат.

Менин оюмча, бул жерде бир нече маанилүү саясий сигнал бар. Биринчиден, Токаев Москвага түрк интеграциясы Россияга каршы багытталган долбоор эмес экенин көрсөтүп жатат. Андан тышкары, ал РФнын бул процесске катышуусун кеңейтүүгө даяр экенин билдирүүдө. Бул Москванын түрк элдери менен тарыхый тыгыз байланыштарын эске алганда өзгөчө маанилүү.
Саясат таануучу Марс Сариев

Анын айтымында, Токаевдин демилгеси ойлонулган дипломатиялык кадам болуп саналат.