Манас шаарында 2026–2027-окуу жылына карата жалпы билим берүүчү мектептердин даярдыгын текшерүү жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Текшерүү иштерин мэр Манас Уларбек Исмаилов тапшырган. Комиссия мектеп имараттарынын техникалык абалын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталуусун жана өрт коопсуздугун карап чыгууда. Ошондой эле мектептердин электр жарыгы жана жылуулук менен камсыздалышы да бааланууда.

Инспекцияга шаар мэриясынын орун басары Кубанычбек Шерматов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн аппараты, шаар курулуш жана архитектура башкармасы, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери, электр тармактары жана муниципалдык жылуулук берүү ишканалары катышууда.

Комиссиянын ишинин жүрүшүндө шаардагы бардык мектептер жаңы окуу жылына акыркы даярдык абалы боюнча этап-этап менен текшерилет.