Ак-Тилек кичи шаарчасында жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул имарат заманбап талаптарга ылайык долбоорлонуп, окуучуларга бардык зарыл шарттар түзүлүп берилди.

Курулуш иштери ушул жылдын март айында Курулуш министрлиги тарабынан башталган. Имарат төрт блоктон турат жана анын жалпы аянты 4,2 миң чарчы метрди түзөт.

375окуучунун оруну
4200чарчы метр аянты
4блоктун саны

Мектептин ичинде окуу класстарынан тышкары, заманбап лабораториялар, китепкана, ашкана, медициналык кабинет, информатика жана эмгек кабинеттери, жыйындар залы, ошондой эле бардык керектүү шарттары бар спорт залы каралган.

Президенттин тапшырмасы боюнча Манас шаарында алты мектептин курулушу башталган болчу. Учурда алардын бешөөсүнүн курулушу аяктап, Курманбек муниципалдык башкармалыгындагы алтынчы мектептин курулуш иштери уланууда.