Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) бир катар маанилүү иш-чаралары өттү. Бул иш-чараларга Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков катышты.

Адилет Орозбеков Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын экинчи издөө-куткаруу отрядынын капиталдык оңдоодон өткөн имаратынын жана жаңы спорттук аянтчанын ачылыш аземине күбө болду.

Ошондой эле ал ӨКМдин 2026-жылдын күзгү чакырылышындагы жаш жоокерлердин аскердик ант берүү аземине катышты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы климаттын өзгөрүшү, табигый кырсыктардын көбөйүшү жана техногендик тобокелдиктер ӨКМге жана жалпы жарандык коргонуу системасына жаңы талаптарды коюп жатканын белгиледи. Ал коркунучтардын таасирин азайтуу үчүн мамлекет министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалады.

Адилет Орозбеков жаңы кызматка тандалган жаш жоокерлерди маанилүү окуя менен куттуктап, аларды аскердик антын так сактоого, Мекен алдындагы милдетин абийирдүү аткарууга жана тартипти бекем карманууга чакырды. Ошондой эле иш-чарага келген жоокерлердин ата-энелерине ыраазычылык билдирди.