Манас шаарында алты заманбап мектептин курулушу жүрүүдө. Алардын бири - Достук айылдык аймагындагы Б. Осмонов атындагы №5 мектеп.

Бул мектептин үч кабаттуу имараты 2026-жылдын февраль айында курулушу башталган жана республикалык бюджеттен каржыланууда.

Азыркы учурда чатыр салуу иштери бүткөрүлүп, инженердик тармактардын монтажы жана тышкы дубалдарды жылуулоочу иштер улантылып жатат.

Ички бөлүктөрдө сырдоо жана кафел төшөө иштер аткарылууда.

Мектептин сыйымдуулугу 375 окуучу үчүн эсептелген, бирок эки сменада 750 окуучуга билим берүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Мектептин жалпы аянты 2 478 чарчы метрди түзөт.

Пландо окуу жана эмгек класстары, компьютердик класс, лабораториялар, химия, биология жана физика кабиеттери, ашкана, китепкана жана концерттик залдын жайгашуусу каралган.

Курулуш иштерине байланыштуу сапат жана долбоордун талаптары министрликтин тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүүдө.