Манас шаарында Роза Азимова атындагы жаңы мектептин курулушу жакшы темпте уланууда. Бул мектеп 500 окуучу үчүн ылайыкташылган жана учурда курулуштун 60%ы бүттү.

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматы боюнча, мамлекеттик бюджеттик каражаттар менен март айында башталган курулушта азыркы учурда сырткы дубалдарды жылуулатуу, чатырды салууга даярдануу жана ички иштер жүрүүдө.

Ишке 100гө жакын куруучулар тартылган. Мектеп заманбап талаптарга ылайык долбоорланган жана сапаттуу билим берүү үчүн керектүү шарттар менен жабдылат.

Ошондой эле Манас шаарында жалпы алты жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат, анын ичинен Роза Азимова мектеби өзгөчө мааниге ээ.