Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын суррогаттык энелик кызматтарын пайдалануусун чектөө каралган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Демилгечилер “Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамдын 104-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташууда. Долбоорго ылайык, өлкө аймагында суррогаттык энелик келишими Кыргыз Республикасынын жарандарына гана жеткиликтүү болот.
Бирок, бир өзгөчөлүк каралган: чет өлкөлүк жаранга расмий никеде турган Кыргызстандын жараны суррогаттык энелик кызматтарын колдоно алат.
Учурдагы мыйзамдар суррогаттык энеликти медициналык көрсөткүчтөр боюнча нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн келишимдин негизинде жарандарга уруксат берет жана чет элдиктер үчүн мындай чектөөлөрдү өзүнчө белгилебейт.
Түшүндүрмө катында долбоордун авторлору бул өзгөртүүлөр аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар тарабынан суррогаттык энеликти коммерциялык максатта колдонууну чектөө үчүн зарыл экенин билдиришкен.










