Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кенеште өткөн жыйындын алкагында маданият тармагынын өнүгүшү боюнча маалымат берди. Анын айтымында, тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100%га жогорулоодо.
Ошондой эле 2026-жылы маданият мекемелерине 17 кызматтык унаа берилди. Бул кадамдар тармакты каржылоонун кескин өсүшү менен коштолууда.
Маданият тармагына бөлүнүүчү каражаттардын динамикасы
Мамлекет тарабынан тарыхый-маданий мурастарды сактоо иштерине да өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Бул багыттагы маанилүү окуялардын бири — өлкөдөгү биринчи музейдин 100 жылдыгын белгилөө болду.
- 2020-жыл
Маданият тармагына 2,8 млрд сом бөлүндү
- 11-сентябрь, 2026-жыл
Масштабдуу реконструкциядан кийин «Манас Ордо» улуттук комплекси ачылды
- 2026-жыл
Тармактык кызматкерлердин айлыгы эки эсеге өстү










