Кыргызстанда Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди. Бул күнү улуттук маданиятты сактоого жана өнүктүрүүгө салым кошкон тармак өкүлдөрүнүн эмгеги бааланды. Маданият министрлиги тарабынан акыркы жылдары тармакты колдоо, эмгек акыларды жогорулатуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө.

Эмгек акылар 100% көтөрүлдү

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 1-апрелден тарта маданият кызматкерлеринин эмгек акысы 100% көтөрүлдү. Буга чейин 18–20 миң сом алган кызматкерлердин эмгек акысы азыр 40–50 миң сомго жетти.

100% эмгек акынын өсүшү

Маданият кызматкерлеринин эмгек акысы 1-апрелден тарта 100% көтөрүлдү

Министр Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, маданият мекемелерине атайын эсептерине түшкөн каражаттардын 70% чейин кызматкерлердин эмгек акысына жумшоого уруксат берилди. Бул чара театрлардын, музейлердин, китепканалардын жана башка мекемелердин өз кирешесин көбөйтүүгө кызыгуусун арттыруу үчүн киргизилген. Мисалы, спектаклдердин, концерттердин жана башка иш-чаралардын санын көбөйтүү менен мекемелер кошумча киреше таба алышат.

Автоунаалар жана автобустар берилди

Материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында райондук маданият бөлүмдөрүнө, жергиликтүү музейлерге, китепканаларга жана маданий мекемелерге 117 автомашина берилди. Мамлекеттик иш-чараларды уюштуруу үчүн аймактарга барууга 72 автобус сатылып алынган: анын 57си микроавтобус, 15и чоң автобус.

Берилген транспорттор

117автомашина
72автобус
57микроавтобус
15чоң автобус

Жаңы маданият үйлөрү жана музыкалык мектептер

Ошондой эле 2030-жылга чейин 30 маданият үйүн жана 30 музыкалык мектепти куруу пландалууда. Бул маданий инфраструктураны кеңейтүүгө жана аймактардагы жашоочулар үчүн маданий кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.