Жаңы келген «С-дуга» аппараты С-сымал түзүлүшүнө ээ. Анын негизги артыкчылыгы — операция учурунда рентгендик көзөмөлдү реалдуу убакыт режиминде жүргүзө алышында. Бул медицина кызматкерлерине эндопротездерди, металл таякчаларды, пластиналарды жана сынган жерлерге коюлган спицаларды туура орнотууну текшерүүгө шарт түзөт.
Медициналык адистердин маалыматына ылайык, бул жабдык татаал операцияларды коопсуз өткөрүүгө жана нурлануу деңгээлин азайтууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, ооруканага универсалдуу УЗИ аппараты жана эхокардиограф жеткирилди.
Жакын арада оорукананын даражасын дагы бир деңгээлге көтөрүү үчүн жасалма интеллект технологиясы менен жабдылган жаңы УЗИ аппараты күтүлүүдө.
Жаңы техниканын жардамы менен оорулардын эрте аныкталышы, так диагноз коюлушу жана татаал хирургиялык кийлигишүүлөрдү оорукананын өзүндө сапаттуу жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт.











