Кыргызстандын спорттук тармагын каржылоо көлөмү акыркы беш жыл ичинде бир топ жогорулоо менен, 2021-жылдагы 953 миллион сомдон 2026-жылга карата 3 миллиард 755 миллион сомго чейин жетти. Бул тууралуу 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев маалымдады.

Спортко бөлүнүүчү каражат953 млн сом сом3,755 млрд сом сом +294%

Каржылоонун өсүшүнөн тышкары, адистердин социалдык абалына да көңүл бурулуп, маанилүү кадамдар жасалды. Аныкей, спорттук мекемелердин кызматкерлеринин жана тренерлердин эмгек акысы 100%гө жогорулатылды.

Ошондой эле, аймактык физикалык маданият жана спорт башкармалыктарына, ошондой эле алардын карамагындагы спорттук мекемелерге кызматтык колдонуу үчүн жаңы унаалар берилди.

21кызматтык унаа
100%эмгек акынын өсүшү