Куттуктоодо Адылбек Касымалиев маданият улуттун жүзү, мамлекеттин руханий тиреги жана элдин тарыхый эс тутуму экенин баса белгиледи. Анын айтымында, кыргыз эли «Манас» эпосу, залкар күүлөрү, элдик ырлары, адабияты, кол өнөрчүлүгү жана көркөм өнөрү менен дүйнөгө таанылып келет.

Касымалиев бул мурасты сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муундарга өткөрүп берүүдө маданият кызматкерлеринин эмгеги чоң экенин кошумчалады.

Улуттук театрдын 100 жылдыгы

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кыргыз профессионал театрынын 100 жылдык мааракеси менен да куттуктады. Ал улуттук театр бир кылымдан бери элдин тарыхын, тагдырын, каада-салтын жана руханий дүйнөсүн сахнада чагылдырып келгенин белгиледи.

Маданиятты каржылоо

Акыркы беш жылда маданий мекемелерди модернизациялоо, чыгармачыл демилгелерди колдоо жана улуттук мурастарды сактоо багытында иштер жүргүзүлгөнү айтылды. Мамлекет маданиятты өнүктүрүүгө жыл сайын жалпысынан 6–10 миллиард сом бөлөт.