Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматы боюнча, Аскаралы Мадаминов Айтматов районундагы «Семетей» кинотеатрына, Сологой ырчы Сооронбек атындагы балдар музыкалык мектебине, Ашым Жакыпбеков атындагы райондук китепканага, балдар китепканасына жана «Айтматов Ааламы» мемориалдык тарыхый-маданий комплексине барды.
Министрдин орун басары мекемелердин учурдагы абалы, материалдык-техникалык базасы, кызматкерлердин эмгек шарттары жана калкка көрсөтүлүп жаткан маданий кызматтардын сапаты менен таанышты.
Жетекчилер менен жолугушуу
Сапардын алкагында мекеме жетекчилери менен жолугушуулар өтүп, тараптар ишмердүүлүктү өркүндөтүү, маданий тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана материалдык-техникалык базаны бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Министрликтин өкүлү Талас облусундагы маданий мекемелердин абалы менен жеринен таанышып, аларды андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды укту.
Иш сапар аймактагы маданият тармагын колдоого жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган.






























