“Кабар” агенттиги билдиргендей, Талас облусунун “Чоң-Капка автожолу” фитосанитардык көзөмөл пунктунда Орусиядан алынып келинген ноотко карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлгөн.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүү учурунда продукциянын таңгагында милдеттүү маркировка жок экендиги аныкталган.

Евразия экономикалык комиссиясынын №157 чечимине ылайык, ар бир карантиндик продукциянын таңгагында товардын аталышы, келип чыккан өлкөсү жана экспорттоочу өлкө жөнүндө маалымат болушу керек.

Жогорудагы талаптарды бузгандыгына байланыштуу 22 тонналык жүк Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилбей, жөнөтүүчүгө кайтарылып берилди.