Бишкек шаарындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын автоунааларына пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында унаалардын бөлүп чыгарган газдарынын көлөмү белгиленген нормативдерден ашып кеткени аныкталды.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аныкталган укук бузуулар боюнча Укук бузуулар кодексине ылайык 4 протокол түзүлүп, жалпы 92 миң сом айып салынды.

Ишканага оңдоо жана техкароо талабы коюлду

Министрликтин Бишкек жана Аламүдүн району боюнча экологиялык жана техникалык көзөмөл аймактык башкармалыгы ишканага тез арада автоунааларды оңдоо жана техникалык кароодон өткөрүү зарылдыгы тууралуу көрсөтмө берди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы

92 000сом айып
4протокол