Бүгүн, 29-октябрда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылындагы Горький көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан №2 мектепте өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, өрт тууралуу билдирүү саат 11:36да түшкөн.
Биринчи кезекте Ленин райондук №6 өрт-куткаруу бөлүмүнөн эки эсептөө тобу жөнөтүлгөн. Саат 11:53тө кошумча күч катары Сокулук райондук №23 өрт-куткаруу бөлүмүнөн дагы эки эсептөө тобу тартылган. Учурда жалпысынан төрт эсептөө тобу иштеп жатат.
Өрт өчүрүүгө тартылган күчтөр
Саат 11:58де Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан оперативдүү топ окуя болгон жерге жөнөтүлгөн. Куткаруучулар саат 12:09да өрттү чектөөгө алган. Учурда жабыркагандар жана келтирилген зыян тууралуу маалымат такталууда.
Өрттүн себеби азырынча тактала элек. ӨКМдин басма сөз кызматы кошумча маалымат кийинчерээк берилерин билдирди. Жергиликтүү бийлик окуянын чоо-жайын иликтөөгө киришти.























