Өзбекстандын аймагынан 28 тонна жашылча фитосанитардык талаптарга ылайык текшерилгенден кийин артка кайтарылды.
Анын ичинен 23 тоннасы пияз, 5 тоннасы сабиз болду. Бул жашылчалар «Кызыл-Кыя автожолу» постунда текшерүүдөн өткөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, продукциянын таңгагында милдеттүү маркировка жок экени аныкталды. Бул Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп эсептелет.
Андан улам, жашылчалар кайра импорттоочу өлкөгө кайтарылды.
Министрлик мамлекеттик чек арада фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу жана карантиндик талаптардын сакталышын көзөмөлдөө иштерин мындан ары да улантарын билдирди.






