Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев 4-ноябрда Биринчи радионун эфиринде Кыргызстандагы биринчи шамал электр станциясынын курулушу 2027-жылдын жазында башталарын билдирди. Станциянын кубаттуулугу 100 мегаваттты түзөт.

Кыргызстандагы биринчи шамал электр станциясынын активдүү курулушу 2027-жылдын жазында башталат
Эмилбек Орозбаев, Жашыл энергетика фондунун директору

Объект Балыкчы шаарына кире бериште, эко-посттун оң тарабында, аянты 200 гектар болгон тоолуу аймакта жайгашат. Жер маселелери негизинен чечилгенин белгилеген Орозбаев, тармакка туташтыруу маселеси азырынча чечиле электигин, андан кийин курулуш башталарын кошумчалады.

Анын айтымында, 8 даана жабдуу жеткирилип, Балыкчыдагы кампада сакталууда. Станцияны «Росатом» корпорациясы курат, ал эми курулуш келерки жылдын аягына чейин бүтүшү күтүлүүдө.

2024-жылдын сентябрында ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок айылына жакын жерде шамал электр станциясынын капсуласын негиздешкен.

Долбоордун негизги көрсөткүчтөрү

100МВт кубаттуулук
290млн кВт·саат жылдык өндүрүү
12ай курулуш мөөнөтү (өкмөттүн баалоосу боюнча)

Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, инвестордук долбоорду «Росатом Возобновляемая энергия» ААК ишке ашырат. Долбоор кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясын курууну, жылына 290 миллион киловатт-саат өндүрүүнү жана 12 айлык курулуш мөөнөтүн карайт.