Ак-Суу районунун Черик айылындагы Токтогул Мамабетакунов атындагы жалпы билим берүү мектебинде «Түшүм майрамы» деп аталган майрамдык сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу билим берүү мекемесинен билдиришти.
Иш-чаранын негизги максаты — окуучуларга күз мезгилинин берешендиги жана эмгектин баалуулугу жөнүндө айтып берүү, ошондой эле жаратылышка этият мамиле кылууга үйрөтүү жана балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болгон.
Таланттар жана күзгү мода таймашы
Сынактын жүрүшүндө окуучулар өз таланттарын көрсөтүп, ырларды аткарышып, бийлешти жана кызыктуу сахналык көрсөтүүлөрдү коюшту. Ошондой эле күзгү түшүмдүн берешендигине арналган өзгөчө мода көрсөтүүсү уюштурулуп, балдардын колунан жасалган кооз жана оригиналдуу кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү тартууланды.















