«Кабар» агенттиги кышында кайсы жерлерге барууга болоорун, туристтерге эмне сунушталарын жана бул багытты кантип өнүктүрүү пландалып жатканын баяндайт.

Кышкы туризм сандарда

Улуттук статистика комитетинин «Кабар» агенттигине билдиргени боюнча, Кыргызстанда туризм тармагынын өнүгүү динамикасы оң. Атап айтканда, Улуттук статистика комитети аймактар боюнча туризм ишканаларынын жана эс алуу мекемелеринин кызматтарынан пайдаланган келүүчүлөрдүн саны, ошондой эле өлкөдөгү акыркы үч сезондогу кышкы туризмдин көрсөткүчтөрү боюнча маалымат берди.

Кыргызстандын тоо лыжа базалары: кышында кайсы жерде эс алууга болот

Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин «Кабар» агенттигине билдиргенине караганда, азыркы учурда Кыргызстандын аймагында 23 туристтик тоо лыжа курорту катталган. Тоо лыжа объектилеринин негизги бөлүгү Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.

Мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, борбордон алыс кетпей эле барууга мүмкүн болгон бир топ базалар бар.