Turmush басылмасынын «Чет өлкөдөгү мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — кыргызстандык Айзат Байназарова. Ал учурда үй-бүлөсү менен АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында жашайт.
Өзү жөнүндө кыскача
Айзат Манас шаарына караштуу Ачы айылында туулган. Кийинчерээк үй-бүлөсү Сузак районунун Благовещенка айылына көчүп келип, ал ошол жерде чоңойгон. Манас шаарындагы медициналык колледждин фармацевтика бөлүмүн аяктаган.
Учурда күйөөсү жана эки баласы — уулу Имран жана кызы Сабина менен Чикагодо жашайт. Америкага көчүп келгенине сегиз ай болду.
Грин-карта окуясы: кокусунан толтурулган анкета
2024-жылы Айзат менен күйөөсү Москвада болушкан. Ошол жылдын ноябрь айында алар Грин-карта ойнотуусуна катышуу үчүн анкета толтурууну чечишкен. «Кел, Грин-картага арыз берели», — деп эки тарап тең макул болушкан. Бирок кийинчерээк бул кадамды таптакыр унутуп коюшкан.
2025-жылдын май айынын ортосунда Айзат кокустан эстеп, сайтка кирип текшерүүнү чечкен. «Текшере калайын, биз деле кызыкчылык үчүн толтурганбыз» деген ой менен натыйжаны караса, күйөөсүнүн атына жеңиш чыкканын көргөн.
Ошол учурда күйөөсү Москвада иштеп жүргөн, ал эми Айзат балдары менен Кыргызстанда болгон. Ал дароо күйөөсүнө чалып, кубанычтуу кабарды айткан. Күйөөсү адегенде ишене албай, «Койчу, чын элеби?» деп таң калган.
Биз ошондо жөн эле кызыкчылык үчүн толтурганбыз. Кийин унутуп да койгонбуз. Жеңиш чыкканын көргөндө өзүбүз да ишене албай калдык.
Күйөөсү Кыргызстанга кайтып келип, үй-бүлө Америкага кетүүгө даярдана баштаган. Баары күтүлбөгөн жерден тез эле болуп өткөн.
Жаңы жашоонун башталышы
Үй-бүлө Чикагого көчүп келип, сегиз айдан бери жаңы шарттарга көнүгүп жатышат. Айзат бул кадам алардын жашоосунда чоң өзгөрүү болгонун, бирок ага карабай келечекке ишеним менен карап жатканын белгилейт.
























