Америкалык маалымат каражаттарынын билдиришинче, ал VIP Therapy Body Work аттуу массаж салонунда иштеген. Кардар аял массажистке жазылган, бирок анын ордуна ошол жерде иштеген К. келген.
Прокуратуранын версиясы боюнча, окуя 4-сентябрда болгон. Тергөөнүн маалыматына ылайык, массаж учурунда анын аракеттери сексуалдык мүнөзгө өткөн. Окуядан кийин аял ооруканага кайрылып, ал жерде анын жаракаттары жана көгөргөн жерлери катталган.
Кыргызстандык Д. К. 16-сентябрда ушул эле салондун жанында кармалган. Сот аны күрөө менен бошотуудан баш тартып, камакта калтырган.
Vesti.kg сайтынын маалыматы боюнча, мекенинде 29 жаштагы эркек дарыгер болуп иштеген, ал эми АКШга көчкөндөн кийин ооруканада стажировкадан өтүп, медициналык лицензия алууга аракет кылган.
Кийинчерээк салонду шаар бийлиги лицензиясыз иштегендиги үчүн жапкан.
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Kaktus.media басылмасына бул маселеден кабардар экенин жана АКШнын тиешелүү органдары менен иш алып барып жатканын билдирди.











