Чикагода жайгашкан Кыргызстандын Генеральдык консулдугу 2023-жылдын август айында ачылган жана учурда АКШнын 31 штатын тейлейт. Бул консулдук аймагында 40 миңден ашуун кыргызстандык жашайт деп болжолдонууда.

Учурда консулдук каттоодо 4 миң 854 кыргыз жараны турат. Эң көп кыргыздар Чикаго жана Иллинойс штатында жашашат, бирок башка штаттарга да кыргыз диаспорасы жайылган.

Генконсулдун айтымында, кыргызстандыктар негизинен паспортту алмаштыруу, кайтып келүү күбөлүгүн берүү, ишеним каттарды даярдоо, жарандык маселелер, консулдук эсепке туруу жана АКШда турууга байланыштуу суроолор боюнча кайрылышат. Ошондой эле, ID-карта, машина айдоочулук күбөлүк сыяктуу документтерди алмаштырууга өтүнүчтөр көп.

Ранее по теме15-июль: Бишкек жана аймактарда жарык үзгүлтүккө учурайт

Бул кызматтар мигранттар үчүн гана эмес, Кыргызстандагы бизнес чөйрөсүнүн өнүгүшүнө да салым кошот.