Бишкек, 4-ноябрь. Кыргызстанда салмак-габариттик контролдоо тутумун модернизациялоо жана автоматташтыруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эл аралык эксперттик миссия 25-31-октябрь күндөрү Expertise France уюмунун колдоосу менен өткөрүлдү. Миссияны салмак-габариттик контролдоо жана кыймылдагы таразалоо технологиялары боюнча эл аралык эксперт Баки Куран жетектеди.
Эксперттердин иш сапары
Эксперттер министрликтин жетекчилиги жана профилдик адистер менен жолугушуп, «Ак-Тилек» жана «Кемин» салмак-габариттик постторунун иши менен таанышты. Ошондой эле тутумду жөнгө салуу, каржылоо жана мамлекеттик органдар арасында маалымат алмашуу маселелери каралды.
Сунуштар жана жыйынтык
Иштеп жаткан тутумду изилдөөнүн жыйынтыгында эксперттер автоматтык таразалоо жана бузууларды каттоо технологияларын киргизүү боюнча сунуштарды сунуштады. Жыйынтыктоочу презентация транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Б. А. Момбеков жана Expertise France долбоорунун жетекчиси Я. Блинкинин катышуусунда өттү.

















