Дана айым 20 жашта, ал Россиянын Свердлов облусундагы Екатеринбург шаарында туулган. Эргешали мырза 23 жашта, ал Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Манас шаарынан. Учурда жубайлар Москвада жашашат.
Онлайн таанышуудан реалдуу жолугушууга
Жубайлар 2020-жылы социалдык тармак аркылуу таанышкан. Ал кезде Дана 13, Эргешали 16 жашта болчу. Биринчи болуп жигит «Салам» деп жазган. Кыз кызыгуусу артып жооп берген, бирок бул таанышуу чыныгы сүйүүгө айланарын ойлогон эмес.
Эки шаардын ортосундагы аралык болжол менен 2000 чакырым болгон. Үч жыл бою алар социалдык тармактар аркылуу гана байланышып турушкан. Убакыт өткөн сайын сезимдери күчөп, акыры Эргешали сүйүүсүн далилдөө үчүн Москвадан Екатеринбургга биринчи жолу келип, Дананын үй-бүлөсү менен таанышкан.
Ортобузда 2000 чакырымдай аралык бар эле. Үч жыл бою социалдык тармактар аркылуу гана сүйлөштүк. Убакыт өткөн сайын сезимдерибиз бекемделе берди, бир күнү Эргешали олуттуу ниетин көрсөтүү үчүн Москвадан мага биринчи жолу келип, үй-бүлөм менен таанышты.
Бир аптада кабыл алынган чечим
Дана 18 жашка толгондо, Эргешали ага Москвага билет сатып берип, өзүнө чакырган. Кыз келгенден кийин бир аптанын ичинде жигит аны ата-энесинин үйүнө алып барып, үйлөнгүсү келерин айткан.
Жубайлар чоң той өткөрбөй, жөнөкөй эле «нике» кыйышкан. Эргешалинин ата-энеси Кыргызстанда салтанаттуу той уюштурууну каалашса да, жаштар жөнөкөйлүктү тандашкан.
Жөнөкөй эле «нике» кыйдык, той өткөрбөй эле койдук. Күйөөмдүн ата-энеси Кыргызстанда той берсек дешкен, бирок биз баш тарттык.
Жаңы маданиятка көнүү
Алгач Данага жаңы жашоого, бөлөк маданиятка жана салттарга көнүү оңой болгон эмес. Бирок күйөөсүнүн колдоосу жана камкордугу ага акырындык менен көнүүгө, жаңы үй-бүлөдөн өз ордун табууга жардам берген.
Бүгүнкү күндө жубайлар бактылуу. Жакында эле алардын үй-бүлөсүндө уул бала төрөлүп, сүйүү окуясы жаңы барак менен уланган.

























