Жакында Астана шаарында «Борбор Азиянын мыкты педагогу» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Кыргызстандын атынан катышкан мугалимдер ийгиликке жетишип, байгелүү орундарга ээ болушту.

Жеңүүчүлөрдүн катарында Чүй районунун Чүй (Покровка) айылындагы В.Ф. Марков атындагы №1 жалпы билим берүү мектебинин математика мугалими жана окуу иштери боюнча директордун орун басары Айзат Нурлан кызы Султамамытова да бар.

Мектепте окуп жүргөндө эле олимпиадаларды калтырчу эмесмин, өзгөчө математика мага абдан жакчу. Бул багытты тандап, билим алуума апамдын колдоосу чоң роль ойногон деп ойлойм.
Айзат Султамамытова

Айзат Султамамытова 1992-жылы 28-августта Чүй районунун Чүй айылында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө эле ар кандай предметтик олимпиадаларга активдүү катышып, математикага өзгөчө кызыккан.

Мектепти 2009-жылы аяктагандан кийин Кыргыз улуттук университетинин математика факультетинин бюджеттик бөлүмүнө тапшырган. Беш жылдык окууну ийгиликтүү аяктап, өзү окуган В.Ф. Марков атындагы №1 мектепке кайтып келип, мугалим болуп эмгек жолун баштаган. Кийинчерээк, 2018-жылы Кыргыз улуттук университетинин магистратурасына кайра тапшырып, 2020-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Мектепте математикадан сабак берип, эмгекчилдигинин аркасында үч жыл иштегенден кийин окуу иштери боюнча директордун орун басары кызматына көтөрүлгөн.