«Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Туюк» чакан ГЭСинин иши менен жеринен таанышышты. Журналисттерге станциянын курулушу, техникалык мүмкүнчүлүктөрү, инвестициялардын көлөмү жана электр энергиясын өндүрүү тууралуу маалымат берилди.
Азыркы учурда Кыргызстандагы чакан ГЭСтер жалпысынан энергосистемага 150 МВт электр кубаттуулугун берип жатат. Бул көрсөткүч өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуудагы чакан гидроэнергетиканын ролун көрсөтөт.
«Туюк» чакан ГЭСинин өзгөчөлүктөрү
«Туюк» чакан ГЭСи Чүй облусунун Ысык-Ата районунда «Чүй-Рус-Гидро» ЖЧК тарабынан курулган. Станциянын курулушу 2025-жылдын башында башталып, ушул жылдын 31-августунда, Эгемендүүлүк күнүнө карата расмий түрдө аяктаган.
Станциянын кубаттуулугу 7,5 МВт түзөт, анда Global Hydro австриялык компаниясынын жабдуулары орнотулган. Ошондой эле узундугу 5,5 чакырым болгон деривациялык канал, көмөк чордонго чейин 10 кВ чыңалуудагы электр берүү линиясы (5,5 км) жана улуттук тармактарга кошулуу чекитине чейин 35 кВ линия (11,5 км) курулган.
Долбоордун өзгөчөлүгү — дарыянын нугу такыр өзгөрбөйт, суу ГЭС аркылуу башатындагыдай эле агат. Суу нуктан машинный залга кирип, андан ары өз жолу менен кете берет.
Экинчи тепкичти куруу пландары
Мамлекеттик «Жашыл энергетика фондунун» директору Эмилбек Орозбаев «Кабар» агенттигине курган маегинде объектинин экинчи тепкичин куруу пландалып жатканын билдирди. Ал ошондой эле мамлекет инвесторлор үчүн түзгөн шарттарга токтолду.
























