Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев бүгүн, 4-ноябрда, «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге иш күнүн өткөрдү. Бул тууралуу Кабар маалымат агенттиги билдирди.
Иш программасы эртең менен Биринчи радионун түз эфиринде башталды. Анда Эмилбек Орозбаев фонддун учурдагы ишмердүүлүгү, келечектеги пландары тууралуу айтып, угуучулардын суроолоруна жооп берди.
Андан соң фонд жетекчиси өз кабинетинде басма сөз өкүлдөрү менен жолугушуп, чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын куруу, учурдагы электр энергиясын өндүрүү көлөмү жана тармакты өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары тууралуу кеңири маалымат берди.
Орозбаев журналисттерге Жашыл энергетика фондунун имаратын көрсөттү. Ал жерде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен учурда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.
Иш күнүнүн уландысында директор жана ММК өкүлдөрү Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Туюк» чакан ГЭСине барышты. Журналисттер өндүрүш циклы, электр энергиясын өндүрүү көлөмү жана станцияны өнүктүрүү пландары менен таанышты.































