«Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаевдин айтымында, бул ГЭС фонд колдогон алгачкы долбоорлордун бири болуп саналат. Учурда өлкөдө чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын куруу артыкчылыктуу багыттардын катарына кирет.

Биздин экономика өсүүдө. Жыл сайын өлкөдө кеминде 100 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилет. Алардын ар бири белгилүү көлөмдөгү электр энергиясын талап кылат. Бүгүнкү күндө жашообузду электр энергиясыз элестетүү мүмкүн эмес.
Эмилбек Орозбаев, «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору

Ошондой эле Эмилбек Орозбаев фонддун имаратында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатканын, аларды Жаңы жылга чейин аяктоо пландалып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, имараттын чатырына күн панелдерин орнотуу мүмкүнчүлүгү каралууда.