Кыргызстан Россиядан 20 миңге чейин асыл тукум бодо малды импорттоо мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинети билдирди.

Маселени Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушев Кыргыз делегациясынын Россияга болгон жумушчу сапарынын алкагында өткөн жолугушууда карашты.

Импорттун негизги көрсөткүчтөрү

20 000башка чейин асыл тукум мал
2мамлекет кызматташат

Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, бул кадам мал чарба тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана анын асыл тукум базасын бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн илимий уюмдарын жана кызыкдар ишканаларын тартуу менен кызматташууну кеңейтүү келечегин талкуулашты.