Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушуу 25-июлда болуп өттү. Тышкы саясат ведомстволорунун башчылары Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү маселелерин, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жана Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери деңгээлиндеги стратегиялык диалогдун биринчи отурумунун жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурушту.

Кулубаев менен Ван И соода-экономикалык кызматташтык, инвестицияларды тартуу жана айыл чарбасы менен өнөр жайдагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин да карап чыгышты.

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушун кошкондо, ири инфраструктуралык демилгелерди илгерилетүү өзүнчө талкууланды.

Министрлер Кыргызстандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) 2025–2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышты. Кытай тарап Кыргызстанды ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумун өткөргөндүгү менен куттуктап, уюмдун Бишкек саммитине даярдык көрүүгө колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Тараптар кызматташтыкты улантууга жана кыргыз-кытай мамилелерин чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты. Жолугушуудан кийин министрлер Кыргызстандын Конвенцияга кол коюу аземине катышышты.