Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу бүгүн, 24-июлда болуп өттү. Тараптар ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү да карап чыгышты.
Президент Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту: кызматташтыктын келечеги талкууланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инфраструктуралык, транспорттук-логистикалык, айыл чарба жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери кеңири талкууланды.

























