Садыр Жапаров Чолпон-Атада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолукту
Бүгүн, 24-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Жолугушууда коопсуздук, соода, транспорт жана инвестиция тармактарындагы кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле Бишкекте өтүүчү ШКУ саммитин ийгиликтүү уюштуруу маселелери талкууланды.
































