Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсүндөгү оң динамиканы канааттануу менен белгилешти. Алар соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, банктык-финансылык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле аймактык долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар ШКУнун алкагындагы кызматташтыкты, аймактык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы байланыштардын графигин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-пакистан өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого жана жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара даярдыктарын ырасташты.







